ЖК депутаттары эмки жумада аймактарды кыдырат

Жогорку Кеңештин депутаттары эмки жумада аймактарда иштешет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат. Мындай чечим бүгүн, 19-марттагы жыйында каралып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

19 Март 2026 жыл 16:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча