ЖК төрагасы эки депутатты элдештирди


Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосундагы кырдаалды жөнгө салды.

Алсак, буга чейин аталган эки депутаттын ортосунда оозеки кайым айтышуу орун алган.

Төрага парламент мыйзам долбоорлорун кароо учурунда ачык талкууларга жана ар кандай пикирлерге мүмкүнчүлүк берилген аянтча экенин белгилеп, ошол эле учурда ар бир талкуу парламенттик этиканын жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

5 Март 2026 жыл 13:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча