Жоголгон айдоочулук күбөлүк менен унаа айдаган жаран кармалды

Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкекте өзүнүн айдоочулук күбөлүгү жок туруп башка жарандын күбөлүгү менен унаа айдап жүргөн жаранды кармады.

Териштирүү учурунда кармалган жаран бөлөк айдоочулук күбөлүктү автоунаа оңдоочу жайдагы унаадан таап алып, пайдаланып жүргөнүн мойнуна алды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ал көрсөткөн айдоочулук күбөлүктүн ээси буга чейин аны жоготуп жибергенин, күбөлүгүн башка бирөө колдонуп жүргөнүн билдирип милицияга кайрылганы аныкталды.

Бул факт боюнча учурда териштирүү жүрүп жатканы, жыйынтыгына жараша укуктук баа берилип, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү кабарланды.

23 Апрель 2026 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча