Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Жайлообай Нышанов жана Райимберди Дүйшенбиев ант берди.
Эске салсак Жайлообай Нышанов мандатын тапшырган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна келди.
Жайлообай Нышанов Жогорку Кеңештин VII чакырылышында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон.
Ал эми Райимберди Дүйшенбиев мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.