“Фейсбук пати” жаңы жылдык иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири — Илимбек Исраилов алып баруучу кызды микрофон менен башка чаап салган. Аталган окуянын видеосу
социалдык байланыш тармагында жарыяланып, кызуу талкууга алынган.
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Басма сөз кызматы окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Аталган факт ресторандын администраторунун арызынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган И.И. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине(Майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынган. Соттун чечими чыкканга чейин алар райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалууда.
Эскерте кетсек Илимбек Исраилов — ушул жылдын күз айларында уюшуп алып кол салуу кылмыш иши боюнча камалып, жакында жабырлануучу менен өз ара жарашкандан кийин эркиндикке чыккан.