
53 жаштагы француз интерьер дизайны боюнча адис Анна миллионер күйөөсү менен ажырашып, алдамчылардын курмандыгы болуп, 830 миң евро жоготту. Алдамчылар Брэд Питтин дипфейк видеосу аркылуу аны алдашкан.
Жасалма Брэд Питт Аннаны өзүнө ашык кылып, алгач кымбат баалуу белектерди берип жүргөн. Андан соң ал өзүнө бөйрөк рагы диагнозу коюлганын айтып, дарыланууга акча сурап, Аннадан чоң суммадагы акча алып кеткен.
Алдамчылыкты билгенден кийин, Анна катуу депрессияга түшүп, бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылган.