Мишель Обама салтты бузуп Трамптын инаугурациясына барбайт

Барак жана Мишель Обамалардын кеңсеси Associated Press агенттигине билдиргендей, Мишель Обама Дональд Трамптын инаугурациясына катышпайт.

Өткөн жумада Мишель Обама экс-президент Жимми Картердин тажиясына да барбай, Гавайиде калган. Ал эми анын күйөөсү Барак Обама тажияга катышып, Трамптын жанында отуруп, аны менен баарлашкан.

Мурдагы биринчи айымдын бул чечими салтты бузуп жатат, анткени инаугурацияга адатта мурдагы президенттер жана алардын жубайлары катышат. Бул биринчи учур эмес – 2021-жылы Дональд Трамп өзү Джо Байдендин инаугурациясына барбай койгон.

16 Январь 2025 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча