Ысык-Ата курорту ишке кирди: эс алуучулардын видеолору социалдык тармактарда жайылууда

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына эс алуучулардын видеосун бөлүшүп, жакында ишке кирген Ысык-Ата курортунун жаңы келбетин көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, курорт Президенттин иш башкармасы тарабынан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап шарттар менен жабдылган. Жаңы объектилер курулуп, инфраструктура толугу менен жаңыртылды. Ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров өзү катышып, туризмди өнүктүрүү багытында жасалган бул кадам өлкө үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Курорт эс алуучуларды кабыл ала баштады, ал эми социалдык тармактарда туристтердин алгачкы таасирлери жана видеолору жайылып жатат.

22 Декабрь 2024 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча