Жоламан Шаршенбеков 2 жолку Дүйнө чемпиону аталды
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын финалында алтын байгенин ээси болду.
Кыргыз балбаны финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен беттешти.
16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде катышты.