27 аял төрөттөн каза болгон

Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу 14-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 2022-жылы ушул эле мезгилде 34 аял төрөттөн каза тапкан.

14 Декабрь 2023 жыл 14:19

Тема боюнча