
Тынч океандан башталган «Эрик» ураганы Мексикага чейин жетти. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянап, Интерфакс жазды.
АКШнын урагандарды көзөмөлдөөчү улуттук борборунун берген маалыматы боюнча аталган ураган Мексиканын Оахака штатында күч алган. Атап айтканда Саффир-Симпсон шкаласы боюнча коркунучтуу жана кыйратуучу деп эсептелинген үчүнчү деңгээлге (жалпы беш деңгээл) чейин жеткен.
Ал эми шамалдын максималдуу ылдамдыгы саатына 205 чакырымды көрсөткөн. Жакынкы күндөрү бул ураган тынчыйт деген божомолдор бар.
Жаралган кооптуу кырдаалдан улам, Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум жергиликтүү калкты, өзгөчө төмөнкү аймактарда жашагандарды үйлөрүндө калууга жана коопсуз жайларга көчүүгө чакырган.