Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын 6-октябрга берген маалыматына караганда, 5 килограмм гашиш алып бараткан жаран 2-октябрда Ноокен районунун Достук айылында, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө жүрүп жатат.