500 жаранга Түркияда акысыз операция жасоо сунушталды

Кыргызстандын 500 жаранына Түркияда акысыз операция жасоо менен квотанын көлөмүн 500гө чейин көбөйтүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, пандемияга чейин эки өлкөнүн ортосунда Түркиянын ооруканаларында кыргыз жарандарына акысыз операция жасоо боюнча келишим болгон.

“2020-жылы пандемияга чейин эки өлкөнүн ортосунда Түркиянын ооруканаларында 150 кыргыз жаранына акысыз операция жасоо боюнча келишим болгон. Бирок, кийин ошол келишим токтоп калды. Биз ошол ишти кайрадан улантып, квотанын көлөмүн 500 адамга чейин жеткирүүнү сунуштайбыз”,- деди төрага.

Ошондой эки өлкөнүн парламенттеринин жолугуушусунда билим берүү тармагындагы жетишкендик катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын катарына киргендиги, эки өлкө үчүн окуу жайда бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү жана Кыргызстандагы “Сапат” мектептеринин “Маарифке” өткөндүгү айтылды.

“Бир топ кыргыз жарандары Түркиянын окуу жайларынан окуп билим алып жатышат. Ошондой эле Кыргызстанда “Маариф” менен жаңы кызматташтыкты баштадык. Билим берүү ыкмасын жаңыртып, жаңы программа менен окуу жүрүүдө. Сиздер тараптан заманбап окуу материалдар менен камсыздап, материалдык-техникалык базасын чыңдап берүүңүздөрдү сурайбыз”,- деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы 17 миңдей бала окуган билим берүү мектептеринин “Маарифке” өткөндүгүн кубануу менен кабыл алгандыгын билдирди.

Андан тышкары, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына чейин көтөрүү тууралуу эки өлкөнүн мамлекет башчылары белгилеген максатка жетишүү, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынын ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Эскерте кетсек, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

28 Апрель 2025 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча