Аба ырайынан улам тик учактардын жана учактардын учуусуна чектөө киргизилди

Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 6, 7 жана 8-январда Төө-Ашуу жана Суусамыр ашуулары тик учактардын учуусуна жабык болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 6-январда кабарлаганы боюнча, Жалал-Абад жана Ош облустарында туман жана төмөн булуттардан улам тик учактардын учуусу убактылуу токтотулат.

Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам 6-январда саат 07:50дөн тартып «Ош» эл аралык аэропортунда учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Буга Ош шаарында туман түшкөнү негиз берген.

Маалыматка ылайык, 9-10-январь күндөрү күн ачылып, учуулар кайра жанданат.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот.

6 Январь 2025 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча