Абактагы Имамидин Ташов кайра ачкачылык жарыялаганын айтты

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташов 13-январдан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу ишкер 14-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда айтып, тергөө абагынын администрациясына жазган катын көрсөттү.

Катта Бишкектеги №1 тергөө абагында 2024-жылдын 20-декабрынан тартып абактагы шектүүлөрдү кыйноолор башталганы, текшерүүлөр күчөп, кечкисин электр жарыгы өчүрүлүп жатканы жазылган. Буга каршылык көрсөтүп ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Жаза аткаруу кызматы ишкердин тергөө абагындагы кыйноолор тууралуу сөздөрүн четке какты.

14 Январь 2025 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча