Абактагы Ташов 6-декабрдан бери кургак ачкачылык кармап жатканы кабарланды

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков 11-декабрда «Азаттыкка» билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ташов сот отурумунун мыйзамсыз өтүүсүнө, адилетсиз жана негизсиз айып коюлганына, арыздары каралбай жатканына жана курулуш компаниясынын банктык эсептердин камакка алынышына нааразылык иретинде суу да ичпей, кургак ачкачылык жарыялаган.

«Имамидин Ташов расмий түрдө өткөн жума күндөн тартып тамак, суу да ичпей, ачкачылык кармап баштаптыр. Ишемби күнү киргенимде тергөө абагынын жетекчилигине ачкачылык кармаганын расмий арыз берип кабарлаган экен. 11-декабрда тергөө абагына барып, өзүнө жолукканымда, кызматкерлердин коштоосунда, алардын жардамы менен басып келди. Абалы жакшы эмес, күчүнөн тайып калган», — деди адвокат.

Жаныбеков Ташовго бир туугандары суу киргизсе, тергөө абагынын кызматкерлери ал ачкачылык жарыялаганын айтып, кабыл албай коюшканын кошумчалады.

Жаза аткаруу кызматы Имамидин Ташовдун ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат бере элек.

12 Декабрь 2024 жыл 9:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча