Абактагы журналисттердин камерасын тинтүү боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат

Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан төрт журналисттин камералары тинтилип, кийимдери алынганы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

“Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров абактагы төрт журналисттин камераларында тинтүү болгонун, анда тергөө абагынын кызматкерлери журналисттердин “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларын алып коюшканын 8-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазган. Маалыматты абактагы журналисттердин адвокаты Улан Сейитбеков да ырастап, бул окуя боюнча Башкы прокуратурага арыз жазарын айтты.

“6-июлда түшкө жакын төрт журналисттин — Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекееванын футболкаларын күч менен тартып алып коюшуптур. Бул боюнча 10-июлда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылам. Алар бычак же башка тыюу салынган буюмдарды алып кирген жок да. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген бул макал да. Ал эч кимдин беделине шек келтирген жок”, — деди ал.

Алар бул футболкаларды 5-июлдагы соттук отурумга кийип келишкен.

8 Июль 2024 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча