Күзгү көңүл чөгүү — бул жөн эле айтылган кеп эмес. Чын эле айрымдар күздө депрессияга түшүшөт. Бул тууралуу психолог Екатерина Тур Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Адис мындай абалдын себептерин атап, андан чыгуунун жолдорун сунуштаган.
«Күзгү депрессия жыл ичиндеги мезгилдерди кабыл алуубузга, жашоо циклине байланыштуу. Адегенде күздүн келиши менен окуу, жумуш башталат. Мунун баары жоопкерчилик менен милдеттерди камтыйт, демек, ушул ойлор адамга жүк сыяктуу сезилиши мүмкүн. Мындан башка да факторлор бар, мисалы, жыл аяктап бараткандагы чарчоо. Ошол эле учурда жайдан кийин аба ырайы өзгөрүп, суук түшүп, жаан-чачын көп болот. Күн көп тийбегендиктен адамдарда D витамини азаят, уйку бузулат. Ушулардын баары биригип келип, депрессияга тушуктурат», — деген Тур.
Психолог депрессиядагы абалдын белгилерин да айткан.
«Адам дайыма чарчап, терс ойлор келип, жашоого, бардык маселеге кайдыгер карап калат. Депрессиядан белги берчү көрүнүш – адам эч нерсе жасагысы келбей, көп уктайт, анткени түнү уйкусу чала боло бергендиктен мелатониндин иштелип чыгышы бузулат. Буга улай эле маанайы суз тартып, кыжалатчылык кыйнайт. Эч нерсе жасагым келбейт, жасай албай жатам деген ойлор басымдуулук кылып, суицид тууралуу да ой келиши ыктымал. Бул абалга олуттуу кароо кажет», — деп эскерткен Тур.
Адис эгер адамдан ушундай белгилер байкалса психологго кайрылуу зарылдыгын, тынчсызданууну жөнгө салып, ички психикалык-эмоционалдык абалды турукташтыруу керектигин кошумчалаган.