Адвокат Самат Матцаков 30-декабрга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “алдамчылыкка” шектелип кармалган адвокат Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырды. Чечимди райондук соттун судьясы Миран Шерматов кабыл алды. Матцаков соттун чечимин “мыйзамсыз” деп атап, апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

29-ноябрь түнү башталган сот процесси түнү бою жүрүп, чечим 30-ноябрь эртең менен жарыяланды. Соттун жүрүшүндө Матцаковдун кызыкчылыгын 30дай адвокат коргоп, алардын баары жараянга катышты. Алар бир нече жолу ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Матцаковго тилектештик билдирүү иретинде жалпы 50дөй адвокат сотко чогулду.

Матцаковду Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалат.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») жана 379-беренеси («Документтердин жасалмасын жасоо») менен иш козголгону сотто маалым болду.

30 Ноябрь 2024 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча