Айдоочулар үчүн эскертүү видеолору LED-экрандарга орнотулду (видео)

Унаа башкаруу учурунда айдоочуларды уюлдук телефонго алагды болбоого чакырган эскертүү видеолор LED-экрандарга орнотулду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан айдоочуларды унаа башкаруу учурунда уюлдук телефондогу “WhatsApp”, “Instagram”, “Telegram”, өңдүү социалдык тармактар жана мессенжерлерге алагды болбоого чакырган эскертүү видео тасмалар LED-экрандарга орнотулду.

Бул эскертүү видеолор борбор шаарыбыздагы 27 көчө кесилиштериндеги жалпы 54 LED-экрандарга жайгаштырылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унаа башкаруу учурунда уюлдук телефонго алагды болбоого чакырат.

7 Февраль 2025 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча