Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо жүрүүдө эрежелерин так сактоого чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкекте абанын температурасы 0°С төмөн түшүп, жолдор тоңголок болушу мүмкүн.
Мындан улам Кайгуул кызматы айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону сунуштайт.
“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол шарттарынын начарлашынан улам тобокелдиктерди азайтуу үчүн түнкүсүн унаа кыймылын чектөөнү сунуштайбыз”,- деп айтылат маалыматта.