27-декабрдан 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Андыктан айдоочулар төмөнкү жолдордо жүрүүдө этият болуусу керек:
Бишкек — Ош унаа жолу:
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу:
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
«Жол коопсуздук эрежелерин так сактап, алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз. Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз», — деп эскертет ӨКМ.