
Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2024-жылдын экинчи жарымында жаңы төрөлгөн кыздарга жана балдарга коюлган эң көп ысымдарды жарыялады.
Айлин кыздардын эң популярдуу ысымы болуп калды. Кыргыз Республикасында 2365 ымыркайга ушундай ысым коюлган. Эркек балдар үчүн эң көп колдонулган ысым Мухаммед (3705) болгон.
Салиха — 1 миң 751;
Сафия — 1 миң 449;
Амина — 1 миң 439;
Фатима — 1 миң 343;
Алия — 1 миң 292;
Айша — 1 миң 170;
Хадича — 1 миң 139;
Аруузат — 1 миң 91;
Раяна — 1 миң 52.
Балдарга өткөн жылы төмөнкү ысымдар коюлган:
Умар — 2 миң 261;
Али — 1 миң 629;
Амир — 1 миң 566;
Усман — 1 миң 236;
Алихан — 1 миң 212;
Билал — 1 миң 113;
Нурислам — 884;
Эмир — 852;
Байхан — 815.