Айт намазында тыгындарга жана кырсыктарга жол берилген жок

Айт намазында тыгындарга жана кырсыктарга жол берилген жок.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кызматкерлер өлкө аймагындагы баардык мечиттерге бөлүнүп, айт намазы учурунда күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап беришти.

Айт намазы учурунда эч кандай жол кырсыгы жана жол тыгыны катталган жок.

Айрыкча Бишкек шаарынын чоң мечиттеринде кызматкерлер жарандардын коопсуздугун сактоодо жана жол коопсуздугун камсыздоодо мечиттердин айланасында токтоп турган унааларды алдырып, жарандардын айт намаздарын окууларына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти.

6 Июнь 2025 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча