Ак-Талаа районунда топоз эти 550 сомдон сатылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда топоз эти 550 сомдон сатылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, арзандатылган баадагы эт Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын демилгеси менен калкты социалдык колдоо жана кышкы сезонго даярдык көрүү максатында сатылды.

Иш-чаранын алкагында “Толо-Темир” асыл тукум чарбасы райондун тургундары үчүн топоз жана тайдын этин 1 килограммын 550 сомдон сунуштады. Бул акция 1-декабрда өткөрүлүп, калкка этти базар баасынан кыйла төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Акимчиликтин өкүлдөрүнүн айтымында, бул акция жакынкы күндөрү дагы улантылат. Ошондой эле башка чарбалар менен дагы кызматташуу пландалууда.

2 Декабрь 2025 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча