Академик Сабырбек Жумабеков РФ травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды 

Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог- ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан билдиршти.

Маалыматка ылайык, сыйлык травматологдордун XI Бүткүл россиялык приоров форумунда тапшырылган. Сыйлыкты ЦИТОНУН башкы директору, Орусиянын башкы травматологу Антон Назаренко тапшырды.

Академик иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн чакырылып, форумдун жүрүшүндө ал Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп атайын эндопротез орноткону тууралуу доклад жасаган.

Белгилей кетсек, окумуштууну сыйлоо жөнүндө чечим Россиянын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 26- ноябрында Приоров атындагы Улуттук медициналык травматология жана ортопедия изилдөө борборунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Маалымат үчүн: Сабырбек Жумабеков-белгилүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия Илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын травматологдор жана ортопеддер Ассоциациясынын Президенти, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы. Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызстанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.

24 Декабрь 2024 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча