Аксыда жүргөн сел жолду шагылга толтурду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майда саат 18:00 чамасында Аксы районунун Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында сел жүргөнүн билдирди.

Алдын ала маалыматта Сары-Челек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде 10 турак үйдүн короо-жайын суу каптап, Сары-Челек – Кербен автоунаа жолун кум-шагылга толтурган. Мындан улам автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.

Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1500 метр ички чарбалык жолдун айрым жерин бузуп кеткен. Беш турак үйдүн короо-жайын, үч социалдык мекемени суу каптаган.

«Сел жүргөн жерге Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулар тобу, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин жетектөөчү адиси Н.Боронбай уулу барды. Учурда Аксы районунун акиминин 1-орун басары Б.Мырзагулов, жергиликтүү №12 жол тейлөө ишканасынын жолчулары, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү иш алып барууда», — деп билдирди ӨКМ.

3 Май 2025 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча