“Акыркы коңгуроо” аземине байланыштуу жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

“Акыркы коңгуроо” аземине байланыштуу жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, башкы башкармалык 26-май күнү бардык мектептерде өтө турган «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Жол коопсуздукту камсыздоо максатында, эл көп чогулган жерлерде жана билим берүү мекемелеринин жанында кошумча күзөттөр уюштурулуп, күнү-түнү көзөмөл күчөтүлөт. Бул боюнча ИИМ жана башкы башкармалык тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, Билим берүү жана илим министрлигине, ИИМдин аймактык башкы башкармалыктарына багыттуу нускамалар берилди.

«Ата-энелерге балдарын унаа башкарууга, ошондой эле авто тейлөө жайларынын ээлерине унааларды мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ижарага берүүдөгү жана аларды ташуудагы жоопкерчиликтерин эскертебиз.

Жүргүзүлгөн талдоолор боюнча, жол унаа кырсыктарынын кесепетинен жарандардын өмүрүнүн кыйылышы, бүгүнкү коомчулуктун социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө орду толгус жоготууларды алып келүүдө. Анткени жол транспорт кырсыгынан жабыр тарткагандардын басымдуу бөлүгү 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар болууда», — деди ал.

Эгерде жарандар окуучулар жана айдоочулар тарабынан мыйзам бузууларга жана терс көрүнүштөргө күбө болгон учурда ЖКККББнын 0777 102-102 вотсап ишеним номерине кабарласа болот.

26 Май 2025 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча