Ала-Бука районунда тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуп жаткан объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн алкагында Ала-Бука айылынын Т. Сартманбетов көчөсүндө жайгашкан «Аль Барака» соода жайынын курулушу архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлүп жатканы такталды.
Мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн жаран А.З.Х. карата 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Курулуш-монтаждоо иштери мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин токтотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган объекттин ээсине эскертүү берилгенине карабастан, курулуш иштери токтотулган эмес.