«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу аянттын айланасындагы скверлер, сейилдеген жайлар убактылуу жабылат.
Мэрия реконструкция качан башталып, канча убакытка созуларын так айткан жок. «Бишкек башкы архитектура» ишканасы эскиздик долбоорду даярдап жатканы, аягына чейин бүтө электиги айтылды.