Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас эстелиги реконструкцияланууда

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Айкөл Манас эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Айкөл Манас эстелигинин постаментинин дубал мраморун орнотуу, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш-монтаждоо иштери аяктоо баскычына жетти.

Долбоорго ылайык, постаменттин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзөт. Айкелдин бийиктиги — 10,3 метр.

Постаменттин конструктивдик бөлүгү монолиттүү темир бетон менен тургузулган. Буга жалпы 1 070 куб метр бетон куюлган. Курулуш иштерин подряддык уюм “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы аткарууда.

Шаар башчысы иштердин сапатын жана объекттин мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле ал “Бишкекжарык” жана “Бишкекбашкыархитектура” ишканаларына постаменттин жарыктандыруусун карап чыгуу керектигин белгиледи.

Мэрдин тапшырмасы боюнча, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” автордук көзөмөл жүргүзүүдө.

11 Июль 2025 жыл 18:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча