Алгачкы кар. «Тазалыктын» кызматкерлеринин иши таң эрте башталды

Бишкек шаарында бүгүн алгачкы кар жаады. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери эртең мененки саат 05:00дөн баштап көчөлөрдү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, бардык көчө тазалоочулар өз участокторунда жолдорду жана тротуарларды тазалашууда.

Кар тазалоо үчүн төмөнкү техникалар колдонулду:

  • 10 даана МАЗ автоунаасы;
  • 3 даана «Шахман» автоунаасы;
  • 1 даана фронталдык жүктөгүч.

Техника тротуар жана жол бөлүктөрүн тазалап, инерттүү материал чачууда. Мэриянын маалыматы боюнча, эртең менен жолдордогу тайгактарды жоюу жана жол кыймылын коопсуз кылуу максатында 38,5 тонна туз жана кум-туз аралашмасы колдонулду.

Кар тазалоо жана туз себүү иштеринде шаардагы негизги көчөлөргө артыкчылык берилди: Кожобергенов, Семетей, Байтик баатыр, Шералиев, Масалиев, Жайыл баатыр, Чортеков, Алыкулов, Ч. Айтматов проспекти, Тагай тий, Лев Толстой, Садыгалиев, Жамгырчинов, Токомбаев, 7-Апрель, ошондой эле Байтик баатыр, Ибраимов, Элебесов көчөлөрүндөгү көпүрөлөр жана Көк-Жар аймагы.

Жолдун өзөктүк тилкелерин жана жол белгилерин тазалоо төмөнкү көчөлөрдө жүрүп жатат: Карапаева, Нуржамал, 7-АпрелЬ, Түштүк магистраль, Сухэ Батор, Токтогул, Жибек Жолу, Манас, Айтматов, Ала-Тоо аянты, ошондой эле Рыскулов, Чүй, Фучик, Киевский жана Московская көчөлөрү.

Бардык кызматтар ишти күчөтүлгөн режимде улантууда жана кошумча кар жаашына даяр.

5 Ноябрь 2025 жыл 14:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча