Алматыда активистти колдоп, пикетке чыккан журналист кармалды

19-январда Алматы шаарында эки айга камалган активист Темирлан Енсебекти колдоп, жалгыз пикетке чыккан журналист Рус Бикетов 15 суткага камалды. Ага “тынч митинг өткөрүү тартибин бузду” деген айып тагылган.

The Village сайтынын маалыматы боюнча, сот отуруму жекшемби күнү кечинде онлайн режимде өтүп, болгону беш мүнөткө созулган.

Жекшемби күнү түш ченде Рус Бикетовду полиция Казак улуттук опера жана балет театрынын жанында пикетке чыккан жеринен кармап кеткенин Bes.media сайты жазды.

“Бизде жалган демократия. Бизде мыйзам иштебейт. Адамдарды азил-тамаша үчүн камап коюшат. Мен Темирланды колдоп пикетке чыктым. Темирланга эркиндик! Казакстанга эркиндик”, — деп билдирген Рус Бикетов пикет учурунда.

18-январда Алматы соту Инстаграмдагы Qaznews24 сатиралык барагынын автору Темирлан Енсебекти эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага “социалдык тармактарда этностор аралык кастыкты козуткан» деген берене менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүүлөр 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

20 Январь 2025 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча