
Талас шаарында 2025-жылдын 29-апрель күнү Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы экология боюнча кезектеги тегерек столун өткөрдү.
Компаниянын мындай иш-чарасы 2021-жылдан бери жылына бир жолу жаз айларында өткөрүлүп тураарын компаниянын экология боюнча башкы адиси Бектур Айдаралиев билдирди: “Биздин компания экология боюнча жылына тегерек стол өткөрүп, аталган багытта иш алып барган жергиликтүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн сунушун угуп, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келет”,- деди Айдаралиев.
Бул жылдагы тегерек столго тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, экологдор, илимий кызматкерлер, ЖОЖдын мугалимдери, студенттер, коомдук активистер жана “Альянс Алтын” компаниясынын эколог адистери катышышты.
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук регионалдык башкармалыгыны башчысы Бекмурза Ашимов мындай тегерек столдо маселелер айтылып, көйгөйлөрдүн чечилишине шарт түзүлөт деди: “Компания ар дайым ушундай иш чара уюштурат. Бул жерде ийри отуруп, түз кеңешип алдыдагы экологиялык иштерди пландайбыз. Сунуштарды угабыз жана өзүбүз дагы “Альянс Алтын” компаниясына долбоорлорду сунуштайбыз. Мисалы, облусубуздагы “Беш-Таш” мамлекттик жаратылыш коругуна маралдарды алып келүү, сууларда балыктарды көбөйтүү, көчөттөрдү отургузуу, облустун масштабындагы ишембликтерди уюштуруу сыяктуу бир топ иштерди биргеликте ишке ашырдык. Ушундай иш чаранын баардыгы компаниянын колдоосу менен ишке ашып келет жана аларга ыраазычылык билдиребиз”,-деди Бекмурза Ашимов.
Бул ирээт өткөрүлгөн тегерек столдун катышуучулары тарабынан 2025-жылы облустун аймагында төмөнкүдөй иш чараларды уюштуруу демилгеленди: