“Альянс Алтын” Кара-Ой айылындагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

3-январда Кара-Ой айылындагы Алымбек уулу Турусбек атындагы көчөдө жайгашкан №95 үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Шумкая уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев “Альянс Алтын” компаниясынын өрт коопсуздук кызматына кабарлашкан.

Маалымат түшкөндөн кийин “Альянс Алтын” компаниясынын өрт өчүрүү кызматы дароо окуя болгон жерге жөнөтүлүп, ӨКМдин Чат-Базар айылынан келген өрт өчүрүү тобу менен биргеликте өрттү өчүрүүгө киришкен. Саат 15:50дө өрт толугу менен өчүрүлүп, кырсык көзөмөлгө алынган.

Бул биринчи жолу эмес. Мурда да “Альянс Алтын” компаниясы өзүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана кызматкерлеринин аракетчилдиги менен Талас районундагы айылдардагы өрт кырсыктарында жардам көрсөткөн.

Компаниянын техникалары жаратылыш кырсыктары учурунда да көмөктөшүп, жолдорду тазалоо жана башка табигый кырсыктарга каршы күрөшүү иштеринде өзүнүн активдүү жардамын көрсөтүп турат.
Жергиликтүү тургундар үчүн “Альянс Алтын” ар дайым жардам берүүгө даяр экенин көргөзүп келет.

3 Январь 2025 жыл 19:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча