«Альянс Алтын» компаниясы өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошууда

«Альянс Алтын» 2015-жылдан 2024-жылдын 1-сентябрына чейин өлкө бюджетине 20,46 миллиард сом төккөн.

Алсак, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын августуна чейинки мезгилде алтын сатуу боюнча түшкөн кирешеден алынган салыктар 14,92 миллиард сомду түздү.

Ал эми 2024-жылдын январь айынан августка чейин 4,34 миллиард сом өлчөмүндө төлөмдөр жасалып, анын ичинен август айында 814,6 миллион сом төгүлгөн.

“Альянс Алтын” компаниясынын салымы мамлекеттин инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттарды колдоого өбөлгө түзүп, аймактын жана жалпы Кыргызстандын туруктуу келечегин камсыздоодо.

16 Сентябрь 2024 жыл 18:49

Тема боюнча