Бакай-Ата районунун Ү. Акынбеков атындагы орто мектебинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен окуучулардын сапаттуу жана ыңгайлуу шартта билим алуусу үчүн жаңы доска жана шкафтар алынып берилди.


Бул демилге билим берүү мекемесинин шарттарын жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду облус боюнча билим берүү тармагында жалпысынан 143 долбоорду колдоп, аларга 83 миллион сомдон ашык каражат багыттаган.
