Алып баруучуларды микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов 5 суткага камалды

Бишкекте тойканалардын биринде иш-чаранын алып баруучуларын микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов беш суткага камакка алынды.

Мындай чечимди 25-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Судья Илимбек Исраиловду Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен айып тагылгандарга 5500 сом айып салынат же 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартылат. Андан тышкары беш суткага чейин камакка алуу жазасы да каралган.

24-декабрда социалдык тармактарда бир адам микрофон менен алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиевди, андан кийин анын жанында турган дагы бир алып баруучу Керемет Сабыржанованы чаап жибергени тартылган видео тараган.

Коомчулукта иш-чаранын алып баруучуларын чапкан адамды жазага тартуу талабын коюшкан.

25 Декабрь 2024 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча