Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин билдирди.
Анын сөзүнө караганда, алардын көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген жана 15 миңдей машиненин 90% документи жок. Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, алардын бардыгын тең мыйзамдаштырууга болбой турганын айтты.
“Мыйзамсыз алынып келген бир да машине көчөдө жүрбөшү керек. Алар такси катары кызмат көрсөтүп адамдарды ташып, канча деген кишинин ден соолугуна зыян келтирип жатат. Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчи — анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшы автоунааларды комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тоокана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, — деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан ташылып келген машинелерди бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштаган. Ушундай эле демилге парламентте буга чейин да көтөрүлгөн.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.