Бүгүн саат 09:05ге карата өлкөнүн ашууларында жол ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө.
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам бар.
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунду күн бүркөк, жол ачык, Каракол – Эңилчек, Өтмөк ашуусунда жол ачык, каттам бар.
Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон, Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, каршы тилкеге чыкпай жүрүү, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алуу жана 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.