Ашуулардагы абал кандай?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, жолдордо “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “”Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды. Ал эми Арал постундагы чектөө ( оор жүк ташуучу унааларга чектөө) азырынча алына элек.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.

Транспорт министрлиги айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

8 Декабрь 2024 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча