Asman Airlines компаниясынын учагы бүгүн Ош – Каракол багытында биринчи каттамын аткарат

Бүгүн, 9-январда Asman Airlines компаниясынын учагы Ош – Каракол – Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарат.

Авиакомпаниянын басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдиргендей, каттамдар ар бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, болгону 1 саат 20 мүнөткө созулат.

Билет баасы 4100 сомдон башталат. Билеттерди Asman Airlines мобилдик тиркемесинен сатып алса болот.

Мындан тышкары, авиакомпания төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды сунуштайт:

— Бишкек – Талас (жумасына бир жолу)

— Бишкек – Ош (күн сайын)

— Бишкек – Жалал-Абад (жумасына 5 жолу)

— Бишкек – Баткен (жумасына 3 жолу)

— Бишкек – Раззаков (жумасына 3 жолу).

— Бишкек – Каракол (жумасына 2 жолу)

Белгиленгендей, январдын аягында Бишкек — Кербен багыты боюнча каттам орун алат.

9 Январь 2025 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча