Ат-Башы районундагы Калинин – Погранич – Кызыл-Туу унаа жолунун 8-11-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жалпы 2 чакырым 800 метр аралыгына асфальт төшөлдү. Калган тилкеде жолдун негизи даярдалып бүттү.
Мындан тышкары, жол астынан өткөн суу түтүктөрү калыбына келтирилип, бетон аралашмасы менен бекемделүүдө.
Ушул эле жолдун 13-чакырымынан 18-чакырымга чейинки аралыгы жана Таш-Рабат унаа жолунун 15-чакырым аралыгы толугу менен калыбына келтирилип, жол бети сүрүлүп тегизделди.
Жогоруда айтылган иштер №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, мөөнөтүнөн кечикпей үзгүлтүксүз жүрүүдɵ.