Автобуста бөбөк араба үчүн жол кире тууралуу түшүндүрмө берилди

Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаменти коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире талап кылынганы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин 25-мартта билдиришинче, бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы кабыл алган токтому бар.

Ал документке ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн узуну 1 метр, туурасы 50-60 сантиметрден ашса же салмагы 40 килограммдан көп болсо 17 сом кошумча жол кире төлөшү керек. Бул талаптан бөбөк арабалары бошотулган эмес.

“Ар кандай көлөмдөгү коляскалар бар. Бул талапка туура келсе, эч кандай жол кире төлөбөйт. Көлөмү чоңдору да бар. Алар автобуска чыкканда эки кишинин ордун ээлеп калат”, — деп түшүндүрдү мекеме.

Соңку күндөрү социалдык тармактарда коомдук транспортко бала менен чыккан учурда коляскага кошумча жол кире талап кылынганы талкууга түшүп, айрымдар буга нааразылыгын билдирген. Ошондой эле департаменттин социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланган видеодо “автобуска чыгарда баланы бир колго кармап, арабаны бүктөп алып киргиле” деген кеңеши да талкууланып, муну шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратуу катары баалагандар болууда.

25 Март 2025 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча