Бүгүн аба ырайы кандай болот?

Бүгүн, 18-мартта республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй жана Баткенде +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26, Ысык-Көл кылаасында +8…+13, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +23…+25 градуска чейин көтөрүлөт.

18 Март 2025 жыл 8:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча