Бүгүн Кыргызстан менен Сауд Авария кез келет. Атаандаштар тууралуу эмне белгилүү? 

Бүгүн Азия Кубогунун тайпалык («F») оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командасы менен беттешет.

Оюн Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 23:30да башталат.

Күн мурун беттеш алдында эки команданын башкы машыктыруучулары оюнчулардын катышуусунда маалымат жыйын өткөрдү. Башкы машыктыруучулардын комментарийин бул жерден окууга болот.

Атаандаштар тууралуу
«Жашыл шумкарлар» деген лакап атка конгон Сауд Арабия курамасы ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде 56-орунду ээлеп келет.

Курама өз тарыхында Дүйнө чемпионатында алты жолу ойноп, бир гана жолу — 1994-жылы турнирдин плей-офф баскычына чыга алган.

Италиялык адис Роберто Манчини 2023-жылдын август айынын аягында кураманын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Ага чейин машыктыруучу Италиянын Улуттук курамасын беш жыл бою жетектеп келген.

«Жашыл шумкарлар» Азия Кубогунда 1980-жылдан бери өткөрбөй ойноп, аны үч ирээт жеңип (1984, 1988, 1996), үч ирээт финалда жеңилүү ызаасын тартышкан.

Кыргызстан жана Сауд Аравия курамасы тарыхта эки жолу ойногон. 1996-жылдын январь айында орун алган беттештер атаандашыбыздын пайдасына аяктаган (0-2, 0-3).

Сауд Аравия учурдагы турнирге болгон даярдыктын алкагында үч контролдук оюн өткөргөн. Курама Ливан (1-0) жана Гонконг (2-0) командаларын жеңип алса, Палестина менен болгон беттеши голсуз тең чыгуу менен аяктаган (0-0).

Сауд Аравиясы 2027-жылкы Азия биринчилигин жана 2034-жылкы Дүйнө чемпионатын кабыл ала турган өлкө.

21 Январь 2024 жыл 12:39

Тема боюнча