Бүгүнкү күндө дээрлик 79 миң унаа ээси мамлекеттик камсыздандырууну тандады

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун гана көрсөткүчтөрүнө ылайык, өлкөдө расмий түрдө 1 млн 670 миңден ашык транспорт каражаттары катталган болсо, бүгүнкү күндө анын 78,376 миңден ашыгы гана ОСАГО боюнча камсыздандыруу келишимин түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы транспорт каражаттарынын санынын 4 пайызга жакынын түзөт.

“Бул азырынча аз көрсөткүч бирок, келечекте бул көрсөткүчтү көбөйтөбүз деген ойдобуз”,- деди Турумбеков.

Ал эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын улук комиссары Кангелди Батырбеков борбор калаа менен Чүй облусунун аймагында автоунааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча көрсөткүч өсүп жатканын баса белгиледи.

“Айдоочулар автоунаасын милдеттүү камсыздандыруу полисин алып жатканда артыкчылыктары менен таанышып, камсыздандыруунун көп пайдалуу жактары бар экенин билишүүдө. Учурда Бишкектеги милдеттүү камсыздандыруу полисин алган жайларда айдоочулардын саны да көбөйүүдө. Автоунаасына камсыздандыруу полисин алгандан кийин мамлекет тарабынан автоунаа ээлерине финансылык жактан бир топ жөлөк болот десем жаңылышпайм. Себеби, ал жерде ОСАГО полисинин ээсинин жоопкерчилиги каралып, башка экинчи, үчүнчү адамдарга материалдык же ден соолугуна келтирилген чыгымдар ОСАГО мыйзамына ылайык төлөнүп берилет. Ошондуктан мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна ишенбөөчүлүк жараткан себептер жокко эсе”,- деди ал.

Эскерте кетсек, транспорт ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан башка 15 жеке камсыздандыруу компаниялары жүргүзөт.

17 Июнь 2025 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча