Бала бакчанын короосун бузуп кирген унаа наристени сүзүп кеткен

Бүгүн, Lexus 470 автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы менчик бала бакчанын короосун талкалап кирип кеткен. Тилекке каршы, кырсыктан үч жашар наристе каза болгонун Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалыматта каргаша бүгүн саат 18:30 чамасында Эр-Тайлак көчөсүнүн №134 үйдүн тушунда болгону айтылат.

Милиция окуя болгон жерде иштеп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

4 Октябрь 2024 жыл 21:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча