Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев Иорданияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту.

Кыргызстандык балбан 67 кг салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда Индиянын спортчусун бир жарым мүнөттө жеңген, ал эми жарым финалда жапон балбанын уткан.

Чечүүчү беттеште Бейшекеевдин атаандашы Олимпиада чемпиону жана Азия чемпиону Саид Эсмаили болду.

Ошондой эле Акыл Сулайманов (60 кг чейин) коло медаль үчүн күрөштө утулуп, 5-орунду ээледи.

Ырыскелди Хамзаев (72 кг чейин), Бекзат Орункул уулу (82 кг чейин) жана Мелис Айтбеков (97 кг чейин) да медалсыз калышты.

27 Март 2025 жыл 9:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча