
Чүйдө балык уулоого чыгып дайынсыз болгон жаран изделүүдө.
ӨКМден билдиришкендей, Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан 28 жаштагы жаранды издөөнү улантууга бүгүн 15 куткаруучу, 2 дрон тартылды.
Эске салсак, 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө иши уланууда.